Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:49

АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд Перс булуңундагы өлкөлөрдө иш сапары менен жүрөт


АКШ Ирактагы согуштан кийинки абалды жакшыртууга жана ал жердеги жаңы өкмөттү түзүүгө колдон келген бардык аракетин жасайт. Мындай пикирин АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд Бириккен Араб Эмиратынын жогорку бийлик жетекчилери менен жолугушуудан соң билдирди. Анын айтымында, жолугушуу учурунда келечекте Ирактагы жана Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу тууралуу көзмө-көз пикир алмашуу болду. Ошондой эле Пентагондун башчысы Ирак тууралу мындайча пикирин ортого салды:

Соңку сурамжылоолор эми Ирактын чыныгы ээси ирактыктар болгондугун көрсөттү. Ошондуктан жергиликтүү калк эми Иракты коопсуз, меймандос өлкөгө айландыруулары керек

Ал эми АКШнын Перс булуңундагы аскерлеринин жетекчиси генерал Томми Фрэнкс “Ирактагы согуштук операциялардын аякташы АКШнын бул аймактагы аскердик контингентинин азайышына алып келбейт”-деген пикирин айтты. Учурда Иракта АКШ менен Британиянын 150 миңдей аскерлери бар.
АКШнын аскерлери издөө салган, Ирактын мурдагы жогорку бийлигинде иштеген 55 адамдын бири, генерал Мохаммад Хусейн, жекшемби күнү Багдадда колго түшүрүлдү. Ал Саддам Хусейиндин учурунда БУУнун Иракты куралсыздандыруу боюча инспекторлору менен Ирактын атынан иш алып барган. АКШнын Багдаддагы аскерий өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, жекшемби күнү Ирактын борорунда белгисиз бирөө америкалык солдаттар түшүп бараткан автоунаага ок чыгарды. Натыйжада, төрт солдат жарадар болду. Алардын бирөөсүнүн абалы оор экендиги кабарланат.

XS
SM
MD
LG