БИШКЕК. Табият кырсыгына кабылган Өзгөн районундагы тургундарды турак-жай жана керектүү буюм-тайымдар менен камсыз кылуу маселеси өкмөттүн эртеңки жыйынында талкууланат. Мындай маалымат бүгүн Турак-жай курулуш мамлекеттик департаментинин директору Айчүрөк Тазабековадан алынды. Анын маалыматына караганда, азыр табият кырсыгынан улам турак-жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн саны 200дөн ашты. Финансы министрлиги менен Турак-жай департаменти үйлөрдү салууга канча курулуш материалдары жана каражат зарыл экендигин иликтеп, «буга эң кеминде 40 миллион сом чыгымдалат» деген алдын-ала бүтүмгө келишти. «Үйлөр жалаң бышкан кирпич менен ар кандай табигый кубулуштарга туруштук бере турган материалдан салынсын, кырсык кесепеттерин жоюуга жиберилип жаткан акчалай жардамдын бардыгы Турак-жай департаментинин эсеби аркылуу гана өтсүн» деген катуу талап коюулуда. Ал эми бүгүн Кыргызстандагы укук коргоо кыймылынын аткаруу комитети президентке, Жогорку Кеңештин эки палатасынын спикерлерине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда Өзгөн районунун Каратарык айылындагы жер көчкүнүн алдын-алуу чараларын көрбөгөндүгү үчүн премьер-министрдин, Ош облус губернаторунун, Өзгөн район акиминин отчетун угуп, аларга чара көрүү сунушу айтылган.