Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Кытайдагы кыргыз дипломаттарынын үй-бүлөлөрү мекенине кайтмак болушту


БИШКЕК. «Кытайдагы кыргыз элчилигинин дипломаттарынын үй-бүлөлөрүн Кыргызстанга кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул алардын адаттан сырт өпкө ооруусуна кабылбашы үчүн жасалууда. Бирок дипломаттар Бээжинде өз ишин улантат», - деп билдирди бүгүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрик Бейшембиев. Анын айтымында, Бээжинде окуп жаткан кыргыз студенттерине да Кыргызстанга кайтуу сунушталды. Айрым маалыматтар боюнча Кытайдын борборундагы кыргыз студенттеринин саны 15ке жакын. Кыргызстандын тиешелүү мекемелери адаттан сырт өпкө ооруусунун Кытайдан келбеши үчүн коопсуздук чараларын көрүп, чек араларда текшерүүнү күчөтүүдө. Бирок жумасына 2 ирет кайталануучу Бишкек-Үрүмчү аба каттамы токтотулган жок. Ал эми Кытайга баруучу Бишкек-Торугарт, Ош-Сарыташ-Эркечтам жолдорун көчкү басып калгандыгына байланыштуу алар жабык турат.

XS
SM
MD
LG