Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Түндүк Корея АКШнын айынан гана өзөктүк куралга ээлик кылып жатабыз деп эсептейт


Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылгандай, Пхеньян АКШнын душманчыл саясатынан улам гана өзөктүк куралдарын өнүктүрүүгө аргасыз болууда. Ушул себептерге байланыштуу Пекинде өткөн аптада болгон сүйлөшүүлөр натыйжа алып келген жок. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин билдиргенине караганда, сүйлөшүүлөрдө Пхеньяндын өкүлдөрү эгер АКШ тарап дипломатиялык чегинүү жасоо менен бирге олуттуу экономикалык жардам берсе - өзөктүк куралдар программасынан баш тартууга даяр экенин маалымдашкан.АКШ мындай сунуштарды четке какты.Ак үйдүн өкүлү Ари Флейшердин айтымында, Вашингтон Пхеньянга жосунсуз жоруктары үчүн сыйлык бербейт.

XS
SM
MD
LG