Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Ирактын саясий уюмдары утурумдук өкмөттү түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат


Багдадда кечээ болгон жана бүгүн улантылып жаткан сүйлөшүүлөргө Күрдүстан Демократиялык партиясы, Күрдүстан Патриоттук Союзу, Ирактын Улуттук Конгресси, Ирак Ислам Революциянын Жогорку Кеңеши, Ирактын Улуттук Биримдик кыймылы деген саясий уюмдардын лидерлери катышууда. Ал эми Фаллужа шаарында белгисиз адамдар бүгүн эртең менен америкалык аскерлердин бул жердеги базасынын аймагына эки граната ыргытып, 7 жоокер жаракат алды. Соңку күндөрү жергиликтүү тургундар шаарда аскерлердин турушуна нааразылык билдирүүдө. Ушул апта ичинде америкалык аскерлер демонстранттарды көздөй эки ирэт ок чыгарып, жергиликтүү дарыгерлердин ырастоосунда, биринде 13, экинчисинде 3 адам мерт болгон. Эртең АКШ президенти Жорж Буш Иракта ири аскердик операциялар аяктаганын жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG