Министр Фарук аш-Шара Ливандын борборуна кечээ кечинде келди. Ал Ливандын президенти Эмил Лахудга сириялык президент Башар Асаддын катын тапшырат. Ливан жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдө негизинен Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин визитине байланыштуу маселелер каралат. Пауэлл бүгүн Испаниядан Сирияга келет жана ишемби күнү Ливанда болот.