Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:20

ТАЛАС ШААРЫНДА БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ САЯСИЙ АЧКАЧЫЛЫК БАШТАШТЫ


Машакбай Рахманкул уулу, Талас 6-майдан баштап Талас шаарында билим берүү тармагынын кызматкерлери саясий ачкачылык башташты.

Ачкачылык жарыялагандар өздөрүнүн аракетин түрдүү себептер менен түшүндүрүштү. Мисалы, алардын бири, Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Мурат Курманалиев мындай дейт:

- Менин ачкачылык жарыялаган себебим - 9 айдан бери жумушу жок үйдө отуруп калдым. Анткени мурунку шайланган Табалды Тилекматов деген баланы жалган конкурс кылып, биздин шаардын мэри Сатыбалдиев жөнөткөндөн кийин ал ар бирибизди кууп чыгып, 9 ай үйдө отуруп калдык. Анан прокуратура, органдар аркылуу 9 айлык эмгек акымды өндүрүп алдым. Азыр Талас шаардык билим берүү бөлүмүндө иштеп жатам. 467 миң сом өлчөмдөгү акчаны булар кайда кетиргени белгисиз. Ар кайсы жеке менчик ишканаларга берип атышат. Билим берүү бөлүмүн Сатыбалдиевби, финбөлүмбү, айтор баары талап-тоноп жок кылып атышат.

Ачкачылык акциясына катышкандардын дагы бири, Таластагы № 8-орто мектептин мугалими Кангелди Камбаров өз аракетин мындайча негиздеди:

- Биздин № 8-орто мектептин имараты материалдык-техникалык базасы жагынан начар курулуп, азыркы убакта жерден чыккан суунун айынан имараттын ичи ным тартып, асты чирип, балдардын жана мугалимдердин ден-соолугуна коркунуч келтирүүдө. Биз далай жолу шаардын мэри Сатыбалдиев Анарбекке ушундай кемчиликтерди оңдоо өтүнүчү менен кайрылганбыз. Бирок ушул убакка чейин жыйынтык болгон жок.

Саясий ачкачылык жарыялагандардын жетекчиси Кенжаалы Орозалиев буга чейин Бакайата, Манас, Талас райондорунун, соңку мезгилде болсо Талас шаарынын билим берүү бөлүмдөрүн жетектеп келген. Саясий акцияга барышынын себебин ал минтип түшүндүрдү:

- Эки жылдан бери Анарбек Сатыбалиевдин мыйзамсыз куугунтуктарына, мыйзамсыз иштерине кабылып, бир топ жапа чегип келдим. Соттун чечими менен кайра орношуп келсем, азыр да министр И. Болжуровага туура эмес маалыматтарды берип, өзү да соттун чечимине каршы конкурс уюштуруп жатат. Мектептерге бөлүнгөн каражаттардын баарын эле башка менчик мекемелерге өзү билгендей берип, жок кылууда. Анысы аз келгенсип, мектептердин имараттарын башка уюмдарга берип жиберген фактылар бар. Башка уюмдарга мектептин материалдык-техникалык базасы таланып-тонолуп аткан фактылар кездешүүдө. Мектепте окутпайт бул, көчө шыпыртат, мусор тазалатат, же болбосо директорлорду чогултуп алып жыйналыш өтөт. Бул билим берүү бөлүмүнүн милдетин ээлеп алды. Ошон үчүн биз ушул акцияга бардык.

Саясий ачкачылыкка чыккандар президент Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Танаевге, облус губернатору Искендер Айдаралиевге 13 пункттан турган талаптарын жөнөтүшкөн. Ал талаптардын эң орчундуусу - Талас шаарынын мэрин кызматтан кетирүү. Түзүлгөн жагдай тууралуу айтып беришин өтүнүп, мэр Анарбек Сатыбалиевге микрофон сундум.

- 2001-жылы Талас шаарынын өз алдынча башкаруучулугунун аткаруу комитетинин буйругунун негизинде жолдош Тилекматов Табылды Касымбекович Талас шаарынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган, - дейт шаар башчысы. - Буга чейин министрликтин буйругусуз, убактылуу, Талас облустук башкармалыгынын чечиминин негизинде Орозалиев Кенжаалы Орозалиевич ушул милдетти аткарып келген экен. Мына, эки жылдан кийин, 2003-жылдан баштап Орозалиев ушу маселени козгоп, бул боюнча жергиликтүү прокуратуранын, шаардык соттун, облустук соттун чечимдери чыккан экен. Биз бул соттун аныктамаларына карата апелляцияны Жогорку Сотко жибердик, катыбызды, ишибизди каратыш үчүн. Азыр Жогорку Соттун чечимин күтүп атабыз. Жогорку Сот Тилекматов, Орозалиев тууралуу кандай чечим кабыл алат? Министрлик, биз, жергиликтүү өз алынча башкаруу органдары да, бул соттун чечимин аткарышыбыз керек.

Пикир келишпеген эки тарап тең мыйзамды сыйлашаарын тастыкташты. Жаатташуу кандайча аяктаарын мезгил көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG