Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Германияда чет элдиктерге мыйзамсыз виза алууга жардам берген алты киши сот жобуна тартылат


Өлкө прокуратурасынын маалымдашынча, айыпталган кишилердин баары Германияда жашайт. Алар Германиянын Украинадагы элчилиги аркылуу 3700 кишиге ар кандай жалган документтерди даярдап берип, Германияга кирүү визасын алып беришкен. Виза алгандардын кыйласы Германияга Берлиндин туристтик бюролорунун кызматкерлери катары киришкен. Бюролордо иштешкенин алар жасалма бюро кагаздары менен, мейманканалардагы орундар брондолгонун тастыктаган жалган документтер менен ырасташкан. Андай кагаздарды жасап бергендиги үчүн кылмышкерлер ар бир кишиден 220 Евродон өндүрүп алган. Кылмыштуу топто төрт немис, бир орус жана бир украин бар болуп чыкты. Украин улутундагы жарандын аты-жөнү такталууда. Сот качан башталаары жарыялана элек.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG