Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Тышкы иштер министрлиги этникалык кыргыздардын жагдайын талкуулады


БИШКЕК. Чет өлкөлүк келген кыргыздардын укуктарынын жөнгө салынбай жаткандыгы алардын Кыргызстандын жарандыгын алышына тоскоол болууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинде өткөн жыйында сөз болду. Маселени чечүүнү миграция кызматы азыр эки этап менен ишке ашырууда. Анын биринчиси иммигранттыкты, экинчиси жарандыкты берүүгө багытталат. Бул аракеттер негизинен Тажикстандан келген кыргыздарга байланыштуу. Кыргызстандагы качкындардын саны жалпысынан 30 миңдин тегерегинде болсо, алардын 23 миңи 1990-жылдардын башынан бери Тажикстандан ооп келишкен. «Туруктуу жашоо үчүн Кыргызстанга келген тажикстандыктарды жарандыктан чыгаруунун жана жарандыкка кабыл алуунун тартибин жеңилдетүү тууралуу» эки өлкөнүн макулдашуусуна Санкт-Петербург шаарында былтыр 7-июнда кол коюлган. Аны кыргыз парламенти быйыл 15-январда ратификациялаган, ал эми тажик парламенти ратификациялай элек. «Кыргызинфо» агенттиги тараткан акыркы маалымат боюнча, тажик президенти Эмомали Рахмонов Кыргызстанда туруктуу жашаган 61 кыргыздын Тажикстандын жарандыгынан чыгаруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

XS
SM
MD
LG