Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

«Ганси» аскер базасынын кызматкерлери С-130 үлгүсүндөгү учактын мүмкүнчүлүгүн ачыкташты


БИШКЕК. Кыргызстанда иштеп жаткан жергиликтүү жана эл аралык журналисттер бүгүн Эл аралык антитеррордук коалициянын «Ганси» аба базасында жайгашкан жүк ташуучу С-130 үлгүсүндөгү учак менен таанышты. Буга базанын өкүлдөрү демилгечи болушту. Бул учактар Кыргызстанга быйыл январь айында алынып келинген. Алар жумасына Ооганстанга бир нече ирет барып турушат. Кеңири мүмкүнчүлүккө ээ болгон бул учак, тик учактан тартып ар башка салмактагы жүктөрдү батырууга жана ташууга жөндөмдүү. Бул тууралуу базанын учкучтары жана коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери айтып беришти. Алардын айтымында, «Гансиде» жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн карамагында азыр жүк ташуучу аскердик учактардын 30 түрү бар.

XS
SM
MD
LG