Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

АКШ Иракка киргизилген санкцияларды алып таштоо боюнча резолюциясын Коопсуздук кеңешине сунуш кылат


Резолюциянын тексти Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн көбүнө таркатылды. АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Жон Негропонтенин айтымында, резолюцияда чектөөлөрдү 3-июндан баштап токтотуу сунуш кылынат. Ошондой эле БУУнун Ирак маселеси боюнча координаторуна конструктивдүү рол энчиленет. Бирок Ирактын кыргын салуучу куралдарын издөө вазыйпасы БУУнун курал инспекторлоруна эмес, америкалык аскерлерге жүктөлөт. Дипломаттардын маалымдашынча, АКШ ошондой эле Ирактын "Мунайга азык түлүк айыр баштоо программасын" бара-бара кыскартууну сунуш кылат. Бирок өлкө калкынын 90 процентин азык-түлүк менен камсыз кылып турган бул программадан азыр толук баш тартуу каралбайт. Вашингтон мунайдан түшкөн пайданын бир бөлүгүн өзүнчө корго топтоп, аны өлкөнү кайра курууга жумшоону сунуш кылат.

XS
SM
MD
LG