Добуштардын 97% саналгандан кийинки маалыматка караганда, Литванын Европа Биримдигине киришин референдумга келгендердин 91% жактаган,калган 9% каршы болгон. Добуш берүүгө калктын 63% катышты. Европа Биримдигине 2004-жылы кирүүчү он өлкөнүн ичинен буга чейин Мальтада, Словенияда жана Венгрияда өткөрүлгөн референдумдар да оң жыйынтык менен аяктаган эле.