Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

ЕККУ төрагасынын өкүлү Кыргызстанга келет


БИШКЕК. 18-майда Кыргызстанга Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун азыркы төрагасынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Марти Ахтисаари иш сапары менен келет. Ал Бишкекте президент Аскар Акаев баш болгон расмий жетекчилер менен жолугушуп, ЕККУнун алкагында кызматташуу жана регионалдык коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка караганда, Марти Ахтисаари 19-майда Ош шаарында облус губернатору Накен Касиев менен жолугушуп, андан кийин Өзбекстанга жөнөп кетмекчи.

XS
SM
MD
LG