Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Австрия менен Францияда өткөн нааразылык акцияларына жүз миңдеген адамдар катышты


Нааразылык акциялары пенсия реформасына байланыштуу өткөрүлдү. Маселен Австрияда сунушталып жаткан жаңы пенсия мыйзамдарына ылайык, пенсионерлердин айрымдарынын кирешеси 30%га кыскарат, пенсияга эрте чыгып алгандар айыпка жыгылат. Буга байланыштуу шейшембиде Вена шаарынын борбордук аянтына 100 миңдей адам жыйналса, ушул эле күнү өлкө боюнча 100 миңдей мугалим иш таштады. Ал эми Францияда мугалимдер менен катар транспорт тармагынын, почтанын ккызматкерлери иш таштоо өткөрдү. Андыктан, кечээ коомдук транспорттун дээрлик баардык түрү иштеген жок, авиокаттамдардын көбү үзгүлтүккө учурады.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG