Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

МАЙЛЫСУУДА АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА АСКЕР СОТУ ЖҮРҮП ЖАТАТ


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Майлысуу шаарында республиканын Аскер соту Аксы окуясына байланыштуу жоокерчиликке тартылган айрым кызмат адамдарынын даттануу арыздарын карай баштады. Сот учурда айыпкерлер өздөрүнө коюлган күнөөнүн жөнсүз экендигин айтышты. Сотко 14 жабырлануучунун бири да келген жок.

Бакытбек Баатырбаев төрагалык кылган Аскер соту Майлысуу шаардык сотунун имаратында алгач Аксы окуясы боюнча соттолушкан облустун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун, ички иштер башкармасы Кубанычбек Токобаевдин, анын орун басары Абдимитал Калбаевдин жана райондун мурунку прокурору Абдыкалык Калдаровдун аракеттеринде кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу актоо жөнүндө арыздарын уктурду. Окуяда жабыр тарткандар, өткөн жылдын декабрь айындагы сотко алар менен күбөлөр катышпай, кылмыш иши менен таанышпагандыгын, 17-марттагы окуя боюнча Кылмыш кодексинин 95, 305, 316-беренелери боюнча тергөө зарылдыгын билдиришип, сотту Кербен айылында өткөрүүнү талап кылышкан. Алгач Кубанычбек Токобаев көрсөтмө берди. Ал былтыр январь, февраль, март айларында Аксы районунда тартипсиздик күчөгөндүктөн, өз орун басары Абдимитал Калбаевди коомдук тартипти сактоо жана жергиликтүү укук коргоо органдары менен чогуу ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн Аксыга жибергендигин айтты. Райондо чыңалган коомдук абалды жайгарууга ички иштер бөлүмүндөгү атчандардын күчү жетпегендиктен, коомдук тартипти камсыз кылыш үчүн милициянын атайын даярдалган отряды ошол аймакка жөнөтүлгөнүн эскерип, бирок курал колдонууга буйрук бербегендигин кошумчалады.

Кылмыш кодексинин 148-беренеси боюнча айыпталган Абдимитал Калбаев депутат Азимбек Бекназаровдун Боспиек айылында жолугушкан тарапкерлеринин колдорунан азыркы бийликти кетирүү тууралуу ураандарды көргөнүн сөз кылды. Укук коргоочу Турсунбек Акунду кимдир-бирөөлөр кармагандан кийин ташбараң башталып, «15 мүнөттө таркабасаңар, күч колдонобуз» демек тургай, өз башына таш тийип, тополоңдон эки «омончу» жигит зорго куткарып чыккандыгына токтолду. Топтолгон элдин ичинде атчандар «чабуулга, чабуулга» деп кыйкырып жатышканын укканын, өз милдетин аткарганы Аксыга барганы үчүн айып тартышы туура эмес экенин айтты. Ал эми райондун мурунку акими Шермамат Осмонов аксылыктарды кызматынын соңку күнүнө чейин коргогондугун, Кербенге пикетке келаткан элге эмне деп кайрылгандыгын мындайча эскерип өттү:

- Турсунбекти алып кеткенге кимиси команда бергенин билбейм. Ошондон улам ташбараң болуп, мен ортосунда калдым. Ошол боюнча кеттим мен, калган окуяны билбейм. Айып туура эмес. Менин эч күнөөм жок. «Айланайындар, жаңжал болуп кетсе колумдан келбей калат» дегеним үчүн күнөөлүү болсом… анда билбейм.

Ош аскер соту Кылмыш кодексинин 305-беренесинин негизинде «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп 3 жыл абакка чектелген Зоотбек Кудайбергенов, өзү сыяктуу райондун мурунку прокурору Абдыкалык Калдаров да негизсиз айыпталганын айтты. Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Аликбек Ракишев Боспиекке чейин эле Топуракбел деген жерде токтогон машиналардын ичинен учтуу союл алынса да, элдин алдын торобогондугун түшүндүрдү. Ал өз сөзүндө 17-мартка чейин эле депутат Азимбек Бекназаров абакта сабалгандыгын уккан Карасуу айылынын тургундары акимди, милиция башчысын барымтага кармап, жол тосулуп, директордун чөбү өрттөлүп, милиционердин машинасы аңтарылганы тууралуу маалыматтар түшкөндүгүн эске салды. Ушундай эле көрсөтмөлөрдү райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Данияр Кулуев да берди.

Кылмыш кодексинин 148-беренеси боюнча Шермамат Осмоновго, Аликбек Ракишевге, Данияр Кулуевге Ош гарнизондук аскер соту актоо өкүмүн чыгарган. Ал эми сотто балдары портретин көтөрүп турушкан маркум Абдыкалык Калдаровду 2 жылга эркинен ажыратып, Кубанычбек Токобаевге болсо 3 жыл жаза чектеген болчу.

XS
SM
MD
LG