Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

НАТОнун башкы катчысы Бакуга барат


Жорж Робертсон бүгүн Азербайжанга барып, президент Гейдар Алиев менен жолугат. Мурунку күнү Робертсон Грузия менен Арменияда болгон. Тбилисидеги жолугушууда грузин президенти Эдуард Шеварднадзе НАТО жана Европа Биримдиги менен мамилелерди мындан ары өнүктүрө турган атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөнүн маалымдады. НАТОнун башкы катчысы Грузия – Түндүк атлантикалык альянстын маанилүү союздашы экенин жана Кавказ азырынча бейстабилдүү аймак бойдон калып жатканын белгиледи. Армениянын президенти Роберт Кочарян НАТОнун жогорку өкүлү менен баарлашуу учурунда Ереван НАТОнун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына активдүү катышууга кызыкдар деп билдирди.

XS
SM
MD
LG