Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Түндүк Корея Кошмо Штаттары өзүнүн душмандык саясатын токтотушу керек деп билдирди


Пхеньянда чыгуучу партиялык башкы гезит америкалык жана түштүк кореялык президенттердин Вашингтондогу кечээги жолугушуусун комментариялап, ушундай шартта гана Түндүк Корея атомдук программасын өнүктүрүүнү токтото тургандыгын белгиледи. Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө Кошмо Штаттары менен Түштүк Корея жарым аралда атомдук курал-жарактын пайда болушуна бейкапар карап тура албай тургандыгы ырасталды. Президент Жорж Буш жөн-жай чечимдери табуу үчүн иш-аракеттер улантыла тургандыгына түштүк кореялык лидерди ишендиргенин, бул жагынан айрым алгылыктуу кадамдар жасалгандыгын билдирди. Но Му Хен өз кезегинде Вашингтонго биртке жүрөкзаада болгон маанай менен келгенин, бирок президент Буш менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң камтамачылыгы басылып, эми мекенине ишенич менен кайтып бараткандыгын ырастады. Бирок эки президент тең проблеманы чечүүнүн кандай жолдорун макулдашканы туурасында эчтеме айтышкан жок.

XS
SM
MD
LG