ЖАЛАЛАБАД. Майлысуу шаарында эки күндөн бери болуп жаткан соттун бүгүнкү жараянында, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылында милициянын атайын даярдалган отрядынын курамында болгон 6 милиция кызматкери көрсөтмө беришти. Алар өз сөзүндө пикетчилердин колдорунан таштарды, союлдарды көрүшкөндүгүн, аларга ок атууга эч ким буйрук бербегендигин айтышты. Аксылык 23 кишинин тергөө ишине берген далил-аныктамалары окулду. Милиция кызматкерлеринин адвокаты Эшалиев «облустун мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов менен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Токобаевдин үстүнөн козголгон иштерди кыскартып коюш керек» деген оюн айтты.