БИШКЕК. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев «Атуулдук биримдик» аттуу коомдук бирикме түздү. Уюмду Юстиция министрлиги 13-майда каттоодон өткөрдү. Жыпар Жекшеевдин кечээки сөзүнө караганда, бул бирикме коомдо демократиялык өнүгүүгө өбөлгө түзүү, жарандардын социалдык активдүүлүгүн арттыруу жана жарандык коом түзүү багытында иш алып барат.