Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

16-МАЙДА МАРОККОДО БОЛГОН ЖАРДЫРУУ 39 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Прага Жума күнү кечинде Марокконун Касабланка деген шаарында террордук жардыруу болду. Натыйжада, 39 адам каза болдуп, 60тан ашуун адам жараат алды. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир кылмыштуу топ мойнуна ала элек.

Жардыруу күүгүм талаш болду. Бир эле мезгилде беш жерде испан ресторанында, Бельгиянын элчилигинин имартына жакын жерде, жөөттөрдүн мазарында жана эл эң көп келип эс алуучу жайда жардырылды. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жардыруу он жанкечти тарабынан уюштурулду. Эки жердеги жардыруу эл көп жерде токтотулган автоунаага коюлган жардыргычтан чыкты. Калганын жангечтилер элдин арасына барышып, өздөрү жардырышты.

Капилет окуядан жогоруда айтылгандай, 39 адам каза болуп, алтымыштан ашуун жаран ар түрдүүчө жараат алышты. Айрыкча, Бельгиянын элчилиги чоң зыян тартты. Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министирлигинин маалыматына караганда, жардыруудан элчиликти кайтарган эки полиция кызматкери өлүп, бир кызматкер жарадар болду.

Ал эми марокколук журналист Абубакар Жаменин маалыматы боюнча, маданий борбордо бир эле мезгилде, төрт жангечти өзүн өзү жардырышкан. “Натыйжада айлана чөйрө кызыл жаянга бөлөнүп, кыйкырык-чуу болуп, баш аламандык орун алды”, - дейт марокколук журналист. Азырынча кырсык болгон жерден шектүү делинген үч адам колго түшүрүлдү. Алардын бардыгы тең марокколук жарандар экендиги айтылууда. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир топ мойнуна ала элек.

Ушул аптанын ичинде эле бир нече адамдын өмүрүн алган жогорудагыдай жардыруу Сауд Аравиясында жана Чеченстанда уюштурулду. Сауд Аравияда болгон жардыруудан 35 адам каза болуп, бир нече адам жараат алды. Каза болгондордун арасында беш америкалык, бир нече британиялык жана башка өлкөлөрдүн атуулдары бар экендиги кабарланды.

Сауд Аравиядагы жардыруу аталган өлкөгө АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлдин иш сапарына чейин бир нече саат мурда уюштурулду. Кырсыкка байланыштуу жасаган билдирүүсүндө Колин Пауэлл террордук аракеттерди “Ал-Каида” уюму менен байланыштырып, эл аралык террорчулук менен күрөш улантылаарын кошумчалады. Андан көп өтпөй бир нече америкалык адис жардыруунун себептерин иликтөө максатында Сауд Аравияга жөнөтүлдү.

Ал эми АКШнын Коргоо министри Доналд Рамсфелд дүйшөмбү күнү өткөргөн маалымат жыйында, эл аралык террорчулук жалпы бейпилдикти сүйгөн адамзаттын алдындагы башкы коркунуч экендигин белгилеп, аны менен күрөшүү тууралуу төмөндөгүчө пикирин билдирди:

-Эч кандай келишим жок. Ошондой эле террорчулукту токтотуу же аны алдын алуу боюнча саясат да жок. Бир гана жол бар. Ал террорчуларды кандайдыр бир террордук жардырууларды уюштурганга чейин табуу же алардын террордук аракеттерин алдын алуу.

XS
SM
MD
LG