Линктер

шаршемби, 28-июнь, 2017 Бишкек убактысы 08:20

АКШ президенти Жорж Буш 1-июнда Санкт-Петербургга келет


Орусия менен АКШ ортосундагы мамилелер дагы калыбына келүүдө. Орус коргоо министри Сергей Иванов 21-май күнү Вашингтондо президент Жорж Буш менен жолугуп, ага президент Владимир Путиндин катын тапшырды. Катта - эки өлкө ортосундагы мамилелердеги терс көрүнүштөргө караганда, АКШ менен Орусияны бириктирген нерселер алда канча көп деп айтылат. Путин америкалык президентти - Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын 300 жылдыгын белгилөөгө чакырды жана эки президент 1-июн күнү Санкт-Петербургда жолугат. Иванов Вашингтон шаарында АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд жана президенттин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс менен да жолугуп сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG