Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Бишкекте бийлик менен жарандык коомдун мамилесине арналган жыйын өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британ институтутунун Бишкектеги бөлүмүнүн демилгеси менен «Кыргызстандагы өкмөт менен жарандык коомдун ортосундагы диалог» деген темада конференция өттү. Ал Щвейцариянын өнүктүрүү кеңсеси, Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британ институнунун күчү менен Аксы районунун аймагында турмушка ашып келаткан долбоордун алкагында болду. Бул долбоорго жараша Аксы районунан келген 9 мугалим жана айыл өкмөттөрүнүн 2 кызматкери беш күн бою бийликтин, парламенттин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту.
Бүгүн «Достук» мейманканасында өткөн конференцияга биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, президенттик администрациянын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Айдын Идил, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Аксы районунан келген мугалимдер катышты. Жыйында бийлик менен жарандык коомдун ортосундагы мамиле тууралуу сөз болду.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Кубат Оторбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG