Ирактагы америкалык жетекчиликтин айтымында, өлкөнүн мурдагы өкмөтүн колдогон аскерий жана аскерий эмес уюмдун баары таратылды жана эми алардын ордуна жаңы уюмдар жана жаңы куралдуу күчтөр түзүлөт. Бардыгы болуп 400 миңге жакын адам кызматтарынан бошотулду. Сирия-Ирак чек арасында болсо америкалык аскерлер - алтын жүктөлгөн машине кармады, ал алтындын жалпы баасы жарым миллион доллар. Машине менен кошо эки адам камакка алынды, бирок алар кайдан келгени азырынча белгисиз.