Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Турфирмалар лицензияланаары күтүлөт


БИШКЕК. Туроператорлорду, турагенттерди жана мейманкана кызматтарын лицензиялоо тууралуу жоболордун, «Лицензия берүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорлору иштелип жатат. Алар жакында Жогорку Кеңешке жана өкмөткө сунушталат. Бул тууралуу өкмөт алдындагы Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Батыркул Баетов менен «Тяншан Трэвел» турфирмасынын башчысы Владимир Бирюков кабарлашты. «Мындай кадам туризм тармагында иш алып барып жаткандардын ишинин улуттук стандарттын алкагында өкмөт тарабынан көзөмөлгө алынышын шарттайт. Бул ыкма туризм өнүккөн көп өлкөлөрдө пайдаланылат. Ал өз кезегинде өлкөдө артыкчылыктуу тармак саналган туризмдин сапаттык деңгээлин жогорулатууга шарт түзөт, сапатсыз, жалган фирмалардын жолун бөгөйт. Мындай фирмалар чет өлкөлүк туристтерди тейлөөдө одоно катачылыктарга жол берип, Кыргызстандын аброюна доо кетирип атышат», дейт Батыркул Баетов. Анын айтымында, Ысыккөл облусунда эле каттоодо турган турфирмалардын саны 200, алардын болгону 44ү азыноолак иш алып барат. Лицензия киргизүү тууралуу комитеттин мындай демилгесине бир катар туристтик фирмалар каршы чыгышып, мындай кадам баанын кескин өсүп, туризм тармагынын өнүгүшүнө тоскоол болоорун белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG