АКШнын Ирактагы өкүлчүлүгү өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарынын утурумдук өмөттүнүн курамын бекитти. Адегенде, шаардагы көпчүлүктү түзгөн этникалык топтор жаңы өкмөткө өздөрүнүн 30 өкүлүн сунушташты. Андан соң шаардын 300 делегаты добуш берүү жолу менен 30 адамдын ичинен алтоону шаардын утурумдук өкмөтүнө шайлашты. Добуш берүүнүн соңунда, араб жана түрк улутундагылар утурумдук өкмөттүн курамына өз өкүлдөрүнүн кирбей калгандыгына нааразылыктарын билдиришти. Алардын нааразылыгын ушул эле күнү АКШнын түндүк Ирактагы өкүлү генерал Раймонд Одиерно карап чыгып, шайлоонун адилеттүү өткөндүгүн маалымдады.