Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Израил менен Палестинанын премьерлери жаңы жолугушууга даярданууда


Израил жана Палестинанын премьер-министрлери Ариел Шарон жана Махмуд Аббас жаңы жолугушуу өткөрүүгө даярданууда. Үстүбүздөгү аптада алар жолугуп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык коомчулук даярдаган жаңы планды талкуулайт. Эмки аптада болсо, Аббас менен Шарон АКШ президенти Жорж Буш менен биргелешкен саммит өткөрөт. "Жол картасы" деп аталган жаңы план - АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусия тараптан биргелешип түзүлгөн жана өткөн жекшемби күнү Израил өкмөтү ага жалпысынан макул болду.

XS
SM
MD
LG