ЖАЛАЛАБАД. Облустун төрт айда жүргүзгөн ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйында өнөр жай жана айыл чарба тармактары ашыкча продукция өндүргөнү менен, 33 ишкана былтыркы деңгээлге жетпей, 25 ишкана токтоп турганы белгиленди. Жалалабад, Базаркоргон, Каракөл, Аксы, Алабука аймактары өндүрүш темпин төмөндөткөнү, салык органдарынын, Соцфонддун тапшырмасы аткарылбаганы айтылды. Өкмөттүк кредит, ссуда, япон грантын төлөө облуста 8,5% жана 1,8 % орундатылган. Жалалабаддагы мунай, тамеки жана пахта иштетүүчү заводдордун кемчилигинен улам облус 159 млн. сом киреше албай калган.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Айданбек Акмат уулу
Редактор – Жыргалбек Касаболотов