Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Дүйнөлүк Банктын эки делегациясы Ошто болушту


ОШ. Дүйнөлүк Банктын башкаруучу директору Шенг Манг Жанг баштаган делегация кечээ Ош облусунун губернатору Накен Касиев, Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугуп, Карасуу шаарындагы кыргыз-өзбек чек ара көпүрөсүндөгү, Ош облустук суу керектөөчүлөр ассоциациясындагы жагдай менен жакындан таанышты. Ал эми кечээ-бүгүн облуста иш сапары менен болгон Дүйнөлүк Банктын президентинин алдындагы КОР секретариатынын консультанты Филипп Боковасини баштаган делегация бейөкмөт уюмдардын иштерине кызыкты. Эки делегация тең Дүйнөлүк Банк 2003-2006-жылдары Кыргызстанга бере турган 171 млн. долларлык каражатты Ош облусунда эмнелерге жумшаш керектигин изилдеп кетти.

XS
SM
MD
LG