Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Чехиянын коргоо министри кызматтан кетти


Бүгүн Прагада өткөн пресс-конференцияда Ярослав Тврдык өкмөттүн коргоо тармагына каралган сарптоолору кыскартылып, аскердик реформаны ойдогудай жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбогондугуна байланыштуу кызматтан кетип жатканын билдирди. Өлкөнүн армиясын НАТОнун деңгээлине жеткирүү үчүн чех өкмөтү улуттук дүң өндүрүштүн 2,2 процентин коргоо тармагына бөлүүнү пландаштырган эле. Бирок социалдык тармакты каржылоо үчүн акча жетпей жатканына байланыштуу коргоо тармагына каралган каражаттарды кыскартууга мажбур болууда. Тврдык ага каршылыгы жок экенин, бирок коргонуу тармагындагы кыскартуулар реформага кедерги болоорун жана ал анын жоопкерчилигин өзүнө ала албасын билдирет.

XS
SM
MD
LG