Орусия менен Түркмөнстандын президенттери 30-майда Санкт-Петербург шаарында кош жарандуулук маселесин талкуулап, аны кененирээк - жакын арада Ашгабатка Орусиянын Ички иштер министрлигинин адистери барганда караштырууга макулдашты. Апрел айында Түркмөн жетекчилиги - кош жарандуулукту жойо турганын билдирген, Орусиянын Мамлекттик думасы аны сынга алып, Түркмөнстандагы орустардын укуктары бузулууда деп чыккан.