Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

АКШ президенти сегиз күндүк иш сапарга аттанды


АКШ президенти Жорж Буш 30-май күнү сегиз күндүк иш сапарга аттанды. Алгач ал Польшага барат, андан соң 31-майда Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын мааракесин белгилөөгө катышып, президент Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт. 1-2-июнда Буш Франциянын Эвиан шаарында өткөн дүйнөнүн эң өнүккөн мамлекеттеринин саммитине барат. Андан соң президент Буш Мисирдин Шарм-эль-Шейх шаарында Араб саммитин өткөрөт жана андан кийин Йорданияда - Израил менен Палестинанын жетекчилери менен жолугат. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянына токтолуп, 29-май күнү Буш "Аль-Арабия" сыналгысы аркылуу минтип айтты: "Менин үмүтүм - ошол жетекчилердин көзүн карап - тынчтык орнотуу мүмкүн экенине менин ишенгенимди билдирүү. Мен тынчтык орнотуларына ишенем, мен ал үчүн иштегим келет. Жана бул жөн гана жолугушуу эмес, андан кийин биз жолукпай калбайбыз. Мен тынчтык керек экенине жана ал мүмкүн экенине ишенем".

XS
SM
MD
LG