Журналист жана укук коргоочу Руслан Шарипов жана анын эки кесиптеши Олег Сарапулов менен Азамат Маманкуловду камакка алган өзбек полициясы шаршемби күнү “Хюман Райтс Уотч” уюмуна берген маалыматында укук коргоочу сексуалдык асылууларга барган жана жашы жете элек эркек балдарга акча төлөп, жыныстык катнашка мажбурлаган деп күнөөлөнүп жатканын билдирди. Полициянын терроризмге каршы күрөшүү бөлүмү мындай аракеттери үчүн Шарипов Өзбекстандын кылмыш кодексинин 120- статьясына ылайык жоопко тартыла тургандыгын айтат. Сарапулов менен Маманкуловго болсо расмий кине тагыла элек.
Камакка алынган соң Шариповго укук коргоочулар жана адвокаттар менен жолугушканга 24 сааттан ашык убакыт уруксат берилген эмес. Полиция Шариповду жана анын кесиптештерин камакка алгандыгын бир сутка бою төгүндөп келген. Камалганына эки күнгө жакындаган соң гана адвокат жана укук коргоочу менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алган Шарипов аны полиция кызматкерлери айоосуз токмоктошконун айтып берген. Полиция кароолунун көзүнчө өткөн бул жолугушууда Шарипов ошондой эле аны сабап жаткан кезде полициячылар анын гезитке басылган макалаларынын көчүрмөсүн маңдайына коюшуп, эгерде ал полицияны сындаганын токтотпосо адам чыдагыс кордоого дуушар кылууга кесенишкенин баяндаган.
Полициянын минтип кесенип жатканынын артында өзүнчө себептер бар. Көз карандысыз журналист Руслан Шарипов өзбек укук коргоо органдарында, айрыкча полицияда, өкүм сүргөн мыйзамсыздык жана паракорлук жөнүндө бир катар макалаларын жарыялап, тармактагы өзүм билемдикти тайманбастан ашкерелеген. Ошондуктан журналисттин өзү да, “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму да камакка алуунун артында саясий себеп турганын айтып жатышат.
Өзүнүн сексуалдык багытын эч качан жашырбаган Шарипов "гомосексуалдык асылууларга барган жана жашы жете элек эркек балдарды жыныстык катнашка мажбурлаган" деген айыптоолор анын калемин тартып алып, прессада мындан ары ооз ачкыз кылуу үчүн амалкөйлүк менен ойлоп табылган шылтоо экенин айтат. Ал эми Хьюман Райтс Уотч уюуму мындай айыптоолор менен өзбек бийликтери жарандардын ички ишине жана жеке турмушуна кийлигишпөө тууралуу конституциялык укукту одоно бузуп жатканын белгилейт.
Аталган үч журналист тең өзбек коомчулугуна тайбас курч материалдары менен белгилүү жана мындай позициясы үчүн алар көптөн бери куугунтукка алынып келе жатышат. 2002-жылдын октябрь айында Азамат Маманкуловду Өзбекстандын коопсуздук органдарынын кызматкерлери Интернет-кафеден күчкө салып сыртка алып чыгышып, сабап салышкан. Быйыл февраль айында болсо Олег Сарапуловду камап алышып, интернет барагына жарыялаган макаласы боюнча суракка алышкан. Эки күндөн кийин коё берилген Сарапулов полиция анын жанына “Хизб- ут-Тахрир” уюмунун баракчаларын билгизбей салып койгонун маалымдаган.
1994-жылдан баштап Улуттар уюмунун адам укуктарын коргоо комитети өкмөттөрдү чоң кишилерди жыныстык ориентациясы үчүн жазага тарткан мыйзамдарды жоюуга үндөп келет. Комитет андай мыйзамдар жарандардын жеке турмушуна кийлигишүүгө жол ачып жатканын билдирүүдө.