Ушул эле күнү аталган жыйынга келген АКШнын президенти Жорж Буш Франциянын мамлекет башчысы Жак Ширак менен жолугушту. Бул Ирактагы согушка байланыштуу карама-каршылык болгондон кийинки Жорж Буш менен Жак Ширактын биринчи жолугушуусу. АКШ президенти өз сөзүндө, Ирактагы согуштун башталышына карата аталган өлкөлөр карама-каршы көз карашта болсо да, согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүүдө эки өлкөнүн пикири бир экендигин белгиледи:
- Эркин, бакубат, келечеги кеңири Иракка байланыштуу маселеде бизде кандайдыр бир түшүнбөөчүлүк жок. Биз ирактыктарды өз өлкөсүн башкарууга жөндөмдүү экендигине ишендирүү үчүн чогуу жардам кылабыз. Бул убакытты талап кылат. Иракта кырдаал оор.