Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Бишкекте Кыргызстан менен Кореянын бизнес-форуму өткөрүлөт


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Бишкекте «Кыргызстан-Корея соода-экономикалык байланышын өнүктүрүү» деген темада бизнес-форум өтөт. Тышкы иштер министрлигинде боло турган иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Тэ Сок Вон жана Кореянын «Samsung Corporation», «LG», «Daewoo» жана башка ири компанияларынын өкүлдөрү, кыргыз тараптан - бир катар министрликтердин, борбордук мекемелердин өкүлдөрү жана ишкерлер катышат. Бизнес-форумда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланат. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG