Блэр бүгүн парламентте Ирактагы согуштун алдында жарыяланган докладга Саддамдын массалык кыргын салуучу куралы бар деген апыртма маалыматты өкмөт атайлап кошуп койгон деген журналисттердин кабарын төгүндөдү:
- Саддамдын 45 мүнөт ичинде колдонууга даяр болчу кеңири кыруучу куралы бар деген маалымат 10-департаменттин докладына негизделген болчу. Ошондуктан аны өкмөт атайлап жазып койгон деген сөздөр карандай калп.
Ошол эле учурда ал британ өкмөтү парламенттин чалгындоо жана коопсуздук комитети менен бул багытта иштешүүгө даяр экенин кошумчалай кетти. Кошмо Штаттардын Конгресси да жакында Ирактын курал-жарак арсеналы боюнча атайын иликтөө жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алган.