Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

СОРОСТУН КӨМӨГҮ, СОТ РЕФОРМАСЫ, ӨКМӨТТҮН ЖАРДАМЫ


Кыргыз басылмаларында америкалык финансист Жорж Соростун Кыргызстандагы иш сапарынын жыйынтыктары, сот реформасынын жүрүшү, табигый кырсыктан жапа чеккен айыл калкына өкмөттүн үй курууга жардам берүү убадасы, Казакстандын президенти Н. Назарбаевдин америкалык мунай компанияларынан миллиондогон доллар пара алганы жазылууда.

Кыргызстан калкынын 1,5 миң үй-бөлүсүнүн турак-жайында мындан ары жашоо коркунучтуу болуп калганы өкмөттүк жыйында айтылганын бейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазып чыкты. Республиканын түштүгүндө быйыл жазда жүздөн ашуун жер көчкү болду. Өкмөт калкты коопсуз жерге көчүрүш үчүн акча жагынан каралашып, 15 жылга эсептелген жеңилдетилген ссуда бермекчи. Гезитте Тамара Слащеванын кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иши улантылып жатканын баяндаган кабарына орун берилген. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо 2000-жылдын февралынан башталган, арада өкмөттүк деңгээлдеги делегациялардын 11 жолугушуусу, эксперттердин 28 отуруму өттү. 1300 чакырымдан ашуун чектин 358 чакырымы кошумча аныктоо-тактоо жумушун талап кылат. Басылмада Жорж Соростун Бишкектеги 2 күндүк иш сапарынын натыйжалуу өткөнү, президент А. Акаев аны III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаганы маалымдалган. Сорос «Кыргызстанда сот системасы көз карандысыз, маалымдоо каражаттары эркин болмоюн, экономикалык байгерчиликке жетиш кыйын» деп эсептейт.

Жорж Соростун дагы бир маеги бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезитинде жарыяланды. «Борбордук Азиядагы башкаруучулардын баары коррупциялашкан, - дейт Жорж Сорос. - Кыргызстандын өкмөтү болсо - аябай коррупцияланганы аз келгенсип, натыйжалуу иштей албаган өкмөт».

Бийлик башчыларынын коррупцияга белчеден батышканы ушул эле гезиттеги «Казахгейт» чатагына арналган макалада баяндалган. Президент Н. Назарбаев менен өкмөт башчы Нурлан Балгимбаевдин америкалык мунай компанияларынан миллиондогон доллар пара алышканы казак президентинин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Жеймс Гиффендин сотунда териштирилгени туру. Казак бийлигинин америкалык мыйзам сактоочулардан чатакты териштирүү маалында Н. Назарбаевдин атын атабоо өтүнүчү суу кечкен жок. «Миллиондогон долларлар артыкбаш шаан-шөкөткө, ачкөз журт башчыларынын кулкунуна куюлган, - деп жазат гезит. - Аялы менен кызына кымбат баа ичиктер, катер менен кар чана, күйөө баланын телекомпаниясы, кайсы бир сулууларга белек катары алынган кымбат буюмдар – ушулардын баары сотто бирден такталып, эсеп-чоту аныкталып чыгат». Президент Н. Назарбаев азырынча чатак тууралуу лам деп ооз ача элек. Мурунку партфункционер адатынча айыпты башкага жүктөп чыгып кетүүгө аракет кылышы толук ыктымал. Андан да 23-июнда Н. Назарбаевдин сотко келишин америкалык мыйзам сакчылары талап кылышы мүмкүн. «Кандайынан келгенде да, мамлекет башчысынын паракорлугу улуттун беделин түшүрчү осол окуя болууда», деп белгилейт гезит.

Ушу тапта жаңы мыйзам кабылданышын күтүп, Жогорку Сот надзордук тартипте арыздарды карай албай отурат. Конституциялык Соттун судьясы Марат Кайыповдун айтымында, Жогорку Соттун мындай абалга туш келишине Конституциялык Соттун чечими себеп болгон. Ортодо карапайым адамдардын укугу бузулуп жатат. Юрист Нурлан Садыковдун оюнча, Жогорку Соттун арыздарды карабай отурушу - Конституцияга сыйбаган иш.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Аалам» гезитинде Агахан фонду менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун парламентте ратификацияланышы жөнүндө Нургазы Анаркуловдун макаласы басууга даярдалууда. Басылмада улуттук телерадиокорпорациянын иши, парламент депутаты Замирбек Парманкуловдун «Элге балык эмес, кайырмак бериш керектиги» жөнүндө маеги жарык көрмөкчү.

«Агым» гезитинин жооптуу катчысы Аскер Сакыбаеванын айтымында, басылманын жаңы санында кыргыз бийлиги үмүт артып отурган Идеологиялык хартия тууралуу Алым Токтомушевдин «Жолбүгүнү», андан тышкары кыргыздарда төгүл-чачыл аш-той арбын болоорун баяндаган ой толгоосу, белгилүү сүрөтчү Юристанбек Шыгаевдин фотогалереясы, Жолдошбек Зарлыкбековдун Ыймандуу жетекчилердин улуттук кеңеши тууралуу макаласы жарыяланмакчы.
XS
SM
MD
LG