Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кыргыз-тажик алакасы чыңдалууда


БИШКЕК. Бүгүн Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги Кыргызстандын өкүлү Базарбай Мамбетов маалымат жыйынын өткөрдү. Ал 3-4-июнда Дүйшөмбү шаарында болгон кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, бир катар алдын-ала макулдашууларга ылайык Кыргызстан Тажикстанга айнек, кагаз, электростанцияларга керектүү жабдууларды жана 500 миң тоннага чейин буудай жана ун бермекчи. Тажик тарап болсо Кайыңдыдагы кабель заводуна быйыл 500 тоннага, кийинки жылы бир жарым миң тоннага чейин алюминий берет. Кыргызстан тажик тараптын Кытайга каттоосуна, Тажикстан Кыргызстандын Ооганстанга каттоосуна жол ачат. Эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 2001-жылга караганда былтыр 67% өскөн. Базарбай Мамбетовдун кошумча маалыматына караганда, жолугушууда тажик тарап өз аймагында мыйзамсыз куралдуу топтор жок экендигине ишендирген.

XS
SM
MD
LG