БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын жакынкы күндөрдө өтмөкчү болгон III курултайына даярдык иретинде азыр партиянын жер-жерлердеги баштапкы уюмдарынын жыйындары болуп атат. Кечээ «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевден алынган маалыматка караганда, партиянын дээрлик бардык облустардагы баштапкы уюмдарынын жыйындарында курултайда карала турган маселелер аныкталууда. «Арнамыс» партиясынын саясий бюросу өзүнүн Интернеттеги баракчасы аркылуу партиянын куугунтукка алынып, аргасыздан чет өлкөлөрдө жүргөн мүчөлөрүнө кайрылып, аларды курултайдын ишине Интернет жана электрондук почта аркылуу катышууга чакырды. Четте жүргөн «арнамысчылар» камакта жаткан Феликс Куловдун тагдырына, партиянын устав-программасын өзгөртүү сыяктуу, курултайда карала турган маселелерге карата өз сунуш-пикирлерин билдире алышат.