Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Нарын облусундагы алтын чайкоочулардын иши


НАРЫН. 9-июнда Нарын райондук акимчилигинен алынган маалымат боюнча, облус боюнча 800дөн ашуун жалгыздап алтын казчулардын бар экендиги аныкталган жана алардын 400гө жакыны Нарын районунда. Быйыл жалгыздап алтын казуучулар баалуу металлды кабыл алуучу кассаларга 2 килограммга жакын алтын тапшырышы күтүлүүдө. Ал эми былтыркы жылы алар 1167,5 грамм алтын тапшырышкан. Алтын чайкоо иштери көбүнесе Нарын дайрасынын жээктеринде жүргүзүлүүдө. Акимчиликтин жооптуу кызматкери Токтосун Исаевдин айтымында, «Кыргыз алтын» ишканасы быйыл акча каражатынын тартыштыгына шылтоо кылып Нарын облусунда алтын кабыл алуучу кассаларды ачуудан баш тартууда.


Кабарларды Бишкекте даярдагандар: Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактору – Бекташ Шамшиев

XS
SM
MD
LG