Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматтарына караганда, өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусун добуш берүүгө
келгендердин 77%ы колдоду. Ал эми добуш берүүгө шайлоого укуктуу калктын 59%ы катышкан. Европанын лидерлери Польшаны референдум ийгиликтүү өткөнү менен куттукташты.Президент Александр Квасьневскинин айтымында, референдум Польшанын Европага кайтуу мүдөөсүн ырастады:
- Польшалыктар өтө демократиялык жол менен референдумда Европа Биримдигине кирүүгө "ооба" дешти. Биз эми Европанын үлкөн үй -бүлөсүнө кайтып келип жатабыз деп шаңдуу айта алабыз.
Польша - келерки жылы Европа Биримдигине кирүүчү он өлкөнүн референдум өткөн алтынчысы.Кийинки референдум 13-14–июнь күндөрү Чехияда болот.