Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Кечээ, бүгүн Тажикстандын Согди облусунда кыргыз-тажик жаштарынын достук фестивалы өттү


БАТКЕН. Тажик өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иши боюнча комитет уюштурган бул достук фестивалы кечээ Баткен облусуна чектеш Исфара шаарында ачылды. Анын ачылышында ушул комитеттин төрагасы Астара Латипов тажик президенти Эмомали Рахмоновдун эки өлкөнүн жаштарын бул достук салтанаты менен куттуктаган катын окуду. Андан соң кыргызстандык топту баштап барган Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Осмоналиев, Баткен жана Согди облустарынын бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, эки элдин кылымдардан бери келаткан достук мамилелерине токтолушту. Кыргыз-тажик жаштарынын ортосундагы достук мамилени өнүктүрүү жана бекемдөө, жаштар саясаты боюнча кызматташуу максатында өтүп жаткан бул иш-чара бүгүн Хожент шаарында уланып, ушул эле күнү кечинде Исфара шаарында соңуна чыкты.

XS
SM
MD
LG