Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:59

Оппозициялык кыймыл мамлекетти кризистен чыгаруунун программасын иштеп чыгууда


БИШКЕК. «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы бүгүн жыйын өткөрүп, анда Кыргызстанды социалдык-экономикалык кризистен чыгаруунун кыймыл тарабынан даярдалган программасы талкууланды. Кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, программада азыркы бийлик системасын өзгөртүү, тактап айтканда, президентти аткаруу бийлигинин башына коюу сунушталган. Ал эми коррупцияга каршы күрөш боюнча чукул кадамдар белгиленген. Маселен, мыйзамсыз менчиктештирилген ишканаларды калкка кайтарып берүү да каралган. Бул программа элдин кароосуна коюлуп, июль айында боло турган III элдик курултайда кабыл алынмакчы.
XS
SM
MD
LG