Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

АМЕРИКАНЫН КЫСМАГЫСЫЗ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ТЫНЧТЫК ОРНОБОЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Шаршемби 11-июн күнү Иерусалим шаарында жанкечти палестин террорчусу шаар каттамындагы автобусту жардырып, өзү менен кошо 16 кишини өлтүрүп кетти. Ошол эле күнү Хамас согушкер тобун жок кылуу үчүн артынан сая түшкөн израилдик учактар Газа тилкесин ракеталар менен аткылап, 9 кишини өлтүрүштү. Айрым саясий байкоочулар бул окуялар жаңыдан жанданып келаткан тынчтык процессине бөгөт болуп, региондогу кандуу булоонду күчөтөөрүн айтып жатышат.

Иерусалим шаарында 14- каттам боюнча жүргөн автобусту Хамас тобунун 18 жашар мүчөсү, орто мектептин окуучусу, палестин Абдел Мади Шабне жардыргандыгы маалымдалат. Ултраортодокс жөөттүн киймин кийип алып, автобуска кирген улан бомбаны унаа көп кабаттуу имараттын жанына келген чакта жардырган. Натыйжада 16 киши өлүп, 60 жакын киши жарат алды. 51 киши ар түрдүү жарааттар менен азыр ооруканада жатат.

Иерусалим кол салуудан чуру-чуу түшүп жаткан кезде Газа тилкесинде Хамас согушкер тобунун артынан сая түшкөн израилдик учактардын аткылоосунан 9 киши өлдү. Алардын экөө гана хамасчылар болгон, калганы карапайым арабдар эле. Террор уланып жатканына карабастан тынчтык планын ишке ашырууга белсенип жаткан израилдик өкмөткө жүздөгөн иерусалимдик жөөттөр кыжырдануу менен каргыш айтып жатышты. Алар "Арабдарга өлүм!" деген ураандар менен бирге "Шарон чыккынчы! Кетсин! "деп кыйрырып жатышты. Иерусалимде күтүүсүз чогулган митингге келгендердин көбү жардырылган автобустун терезесине кара чычала болуп илинип калган кишинин сөөгүн, иче-карды сыртка чубалып, оор жарадар болгон кишини, буту-колу үзүлүп калган аялдын денесин өз көздөрү менен көрүшкөн эле...

Иерусалимдеги террактты израил менен палестин жетекчилиги экөө тең кескин сынга алышты. Израилдин премъер-министри Ариэль Шарон террорчуларды түп-тамыры менен жок кылууга убада берди, ошону менен бирге региондо бейпилдикти орнотуу боюнча аракеттерден кайтпай тургандыгын бышыктап, мындай деди:

- Дипломатиялык аракеттерден кайра тартпайбыз. Кудайдын жардамы менен тынчтык орнооруна ишенебиз. Ошону менен бирге израилдиктердин коопсуздугун камсыздоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын колдонобуз!

12-июнда израилдик аскерлер Хамастын Газадагы объекттерине кайрадан сокку урушту. Андан бир нече палестин согушкер курман болду. АКШнын президенти Жордж Буш эки ортодо уланып жаткан араздашуу тынчтык жараянына бөгөт боло албай тургандыгын айтып, эл аралык коомчулукту Хамас сыяктуу террордук топтордун каржылоосун толук токтотууга чакырды:

- Дүйнө жүзүнүн баардык элдери Жакынкы Чыгышта тынчтык болушун каалайбыз. Адамдардын баарын террорго каршы күрөшүүгө чакырам. Палестиндердин Хамас сыяктуу террордук тобу изоляцияланыш керек. Биз тынчтык жараянын токтотуу үчүн эле жазыксыз кишлерди өлтүрүп жаткандарды башкалардан бөлүп таштообуз керек!

11-июндагы окуялар мындан болгону бир жума мурда жанданган тынчтык жараяны өтө морт экенин, палестин жетекчилиги Хамас согушкер тобун тынчытууга кудеретсиз экенин дагы бир жолу бышыктады. Буш, Шарон жана Аббастын 4-июндагы саммитинен бери эле эки арадагы кагылышууларда 24 палестин жана 21 жөөт курман болду. Кан төгүүнү токтотуу үчүн тараптар бир-биринен чечкиндүү чараларды талап кылып жатышат. Бирок Палестин өкмөт башчысы Махмуд Аббас Израилдин 2 жарым жылдан берки аскердик чабуулдары автономиянын коопсуздук структураларын дээрлик кыйратып бүткөнүн, анын үстүнө, өчүккөн террорчуларды курал күчү менен токтотуу мүмкүн эмес экенин кайталоодо.

Бул жерден Израилдик телекомментатордун айткандары жүйөлүүдөй көрүнөт. "Азыр тынчтык планын сактап калуу үчүн Американын кысымы керек болуп жатат!"- дейт эксперт Карен Нойбах. Эксперттер менен региондун карапайым жарандарынын мунасалуу пикирин билдирген Нойбах "Американын күчтүү кысмагысыз, иш ордунан жылбайт!" деген көз карашта.

Тынчтык планынын ишке ашырылышына көз салуу максаты менен жакынкы күндөрдө регионго АКШлык өкүлдөрдүн келиши күтүлөт. Бирок ортоңку деңгээлдеги арачылыктын натыйжалуулугу өтө төмөн болгондуктан эксперттер тынчтыкты президенттин абройу менен гана орноттуу мүмкүн деп эсептешет. "Азыркы кризис 2005-жылы Жакынкы Чыгышта Эгемен Палестин мамлекетин орнотууга белсенип жаткан президент Буш үчүн чоң сынак болмокчу",- деп жатышат аналитиктер.

XS
SM
MD
LG