Кечээ кечинде, украиналык “Наша земля” гезитинин кабарчысы Владимир Беловго белгисиз бирөөлөр кол салып, он беш жерине бычак сайып кетишти. Денесинен оор жараат алган журналист тез жардам машинасы менен ооруканага жеткирилди. Азырынча өлкөнүн тартип коргоо органдары кырсыктын ким тарабынан, эмне себептен болгондугун аныктай элек. Владимир Белов “Наша земля”, “Лица” гезиттеринин кабарчысы жана депутат Серегей Касьяновдун жардамчысы болуп иштеген.