БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстан юристтер ассоциациясынын демилгеси менен адвокаттардын жыйыны өттү. Анын катышуучулары Юстиция министрлиги быйыл 21-майда чыгарган «Адвокаттардын кесиптик этикасынын эрежелери» аттуу буйрукту сынга алышты. Бишкек-Хельсинки тобунун мүчөсү, адвокат Галина Кайсарованын айтымында, буйрук Кылмыш-процессуалдык жана Жарандык-процессуалдык кодекстерге каршы келет. «Буйруктун 9-пунктунда «адвокат сот жараянынын жүрүшүндө төрагалык кылуучу судьяга кыйшаюусуз баш ийүүгө тийиш» деп айтылган. Министрлик киргизген мындай эреже тараптардын атаандаштыгына, соттун калыс чечим чыгаруусуна каршы келет», - деди адвокат Галина Кайсарова. Жыйындын катышуучулары «министрликтин буйругу бийликтен жана соттордон айырмалуу пикирдеги адвокаттарды кысымга алууга багытталган, ошол себептүү адвокаттардын укугун коргой турган мезгил жетти» деп белгилешти.