Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:43

Азия Өнүктүрүү Банкы Кыргызстанга кийинки 3 жылда 90 млн. доллар бөлөт


БИШКЕК. Азия Өнүктүрүү Банкы 2004-2006-жылдар аралыгында Кыргызстанга жыл сайын 30 млн. доллардан жардам берип турат. Банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Чериан Александер баштаган үчүнчү миссия Финансы министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан учурда чет өлкөдөн келүүчү каражаттар билим берүү, айыл чарба, байланыш жана финансы тармактарына бөлүнөөрү аныкталды. Азия Өнүктүрүү Банкы - Кыргызстанга эң көп карыз берген эл аралык уюмдардын бири. Ал 1994-жылдан бери өлкөгө 257 млн. долларлык акчалай жардам, 30 млн. доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG