Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:44

Түрк аскер адистери кыргыз аскерлерин машыктырышууда


БИШКЕК. Кыргызстандын аскер кызматчыларын тоолуу шартта кызмат өтөөгө үйрөтүүнүн 12-этабы бүрсүгүнү башталат. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ал маалыматка караганда, машыгууларга 90 аскер кызматчысы тартылып, алар Түштүк аскер тобунун бөлүктөрүндө август айына чейин машыгышат. Аскер кызматчыларын Кыргызстан менен Түркиянын коргоо тармактарынын өз ара макулдашууларына ылайык түркиялык инструкторлор окутушат. Акыркы 2 жылда кыргыз аскер кызматчыларын Түндүк аскер тобундагы бөлүктөрдө түркиялык инструкторлор машыктырышкан.

XS
SM
MD
LG