Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Эртең Алматыда ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетинин отуруму болот


БИШКЕК. Эртең Алматыда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕврАзЭС) Интеграциялык комитетинин кезектеги отуруму болот. Анда уюмдун 2003-2006-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун жолдору талкууланат. Бул багыттар Биримдикке кирген беш өлкөнүн президенттери тарабынан Дүйшөмбү шаарында апрелде кабыл алынган. Эртеңки отурумда тараптар Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ички рыногун коргоо, жалпы бажы тарифтерин калыптоо өңдүү маселелерди талкуулашат. Отурумга катышканы Кыргызстандын ЕврАзЭСтеги өкүлү, вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов баштаган делегация жөнөп кетти. Учурда ЕврАзЭСтин курамында Беларусь, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан бар. Ал эми Армения, Молдова жана Украина - байкоочу өлкөлөр.

XS
SM
MD
LG