Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

КЫРГЫЗСТАНДА СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда айрым байкоочулардын пикиринде эркин басылмаларга бийлик тарабынан кысым күчөдү. Мындай ойго «Моя столица» жана «Кыргыз ордо» гезиттеринин жабылышы да негиз болгондой. Бирок, «гезиттердин сот аркылуу жабылышында эч кандай саясий боёк жок, кеп журналисттердин профессионалдык ишмердүүлүгүндө» деген да пикирлер өкүм сүрүүдө.

Кыргызстанда акыркы кезде бир нече эркин гезит чыкпай калды. Алты ай мурда «Кыргыз ордо» сот аркылуу жабылды. Анын 9 санын чыгарып бергенден кийин «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова кесиптештерине мындай мүмкүнчүлүк берүүдөн баш тартууга мажбур болгон. Замира айымдын билдиргенине караганда, «Кыргыз ордонун» үнүн окурмандарына жеткирип атканы үчүн кысым башталып, сот органдары «Кыргыз ордо» сотто тагылган айыппулдарын төлөмөйүн андагы кызматкерлерди жумушка алууга укугу жоктугун эскертишкен.

Ал эми жарым жылдан бери чыкпай аткан «Кыргыз ордонун» редактору Бекен Назаралиев «дайыма президентти, мамлекеттик чиновниктерди сындап келген басылма бийликтин колу менен жабылды» деген ишенимде. Анын айтымында, «Плагиат бажычы» деген макаладагы башкы каарман президенттин чөйрөсүнө жакын адам болгондуктан, «Ак Үйдүн» буюртмасын «акниеттик» менен аткарды.

- Мындай жыйынтыкты күтсө болот эле. Азыр «Ак Үйдүн» айдагы менен бийлик каалаганды жазбаган оппозициялык маанайдагы басылмалардын ар бирин ушундай тагдыр күтүшү ыктымал, - дейт Бекен Назаралиев.

Бишкектин Ленин райондук соту 4 миллион сом айыпка жыккан «Моя столица» гезити банкрот болду. Ал эми окурмандары менен кош айтышчу акыркы санын «Учкун» басма үйү чыгаруудан баш тартты. «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин айтымында, гезиттин жабылышына президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн сындаган макалалардын жарыяланышынын да түздөн-түз тиешеси бар:

- Мындай чечим президенттин саясий эрки болмоюнча кабыл алынышы мүмкүн эмес. Республикада көп экономикалык маселелер президенттин үй-бүлөсү менен байланышкан. «Моя столица» коюлган чекти аттап, президенттин үй-бүлөсүн, бийликтин жогорку тепкичиндеги коррупцияны ачык сындап келген.

«Моя столица» гезитинин жабылышы коомчулукта ар кыл чечмеленүүдө. Бири муну саясий куугунтук катары бааласа, башкалары «бул жерде бийликтин тиешеси жок» деген пикирде. «Эркин тоо» гезити 18-июнда жарык көргөн санында ««Моя столица» гезити мыйзамга баш ийиши керек» деген макаласын жарыялады. «Эркин тоо» гезитинин редактору Эсенбай Калдаров мындай дейт:

- Соттун чечимине ишенбесек, анда демократиялык өлкө болгонубуз кайсы? Өкмөттүк гезит болгон «Эркин тоо» деле соттошуп, айып төлөп атабыз, кээде кечирим сурайбыз. «Моя столицанын» жабылышынан оппозициялык маанайдагы саясатчылар жөнү жок эле саясат издеп атышат. Алар бирдеме болсо эле «саясий куугунтук» деп көнүп калышкан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев «гезиттердин сот аркылуу жабылышына бийлик аралашпайт» деп санайт:

- Гезиттер менен сот иштери болгондо адатта «бийликтин да тиешеси бар» деген пикирди айтып калышат. Мен мындай ойго кошулбайт элем. Ириде журналисттер ар бир макаланы жарыялоодон мурун фактыны тыкыр изилдеп, чын-төгүнүнө жетишсе, мындай окуя кайталанбайт эле. Демократиялык мамлекетте баарын сот мыйзамдарга ылайык чечет. Биз да ошол соттун чечимине таянабыз..

Укук коргоочулар жана жергиликтүү оппозиция өлкөдөгү сот бийлигинин көз каранды эместиги камсыз кылынмайынча, адилет өкүмгө жетүү кыйын экенин белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG