Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Иранды сынга алды


Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчиси Мухаммед эл-Барадейи 19-июнда Иран жетекчилигин сынга алып, анын өзөктүк ишканаларын текшерип чыгуу керек деп билдирди: "Агенттиктин жетекчилери - Ирандагы шектүү аракеттер тууралуу менин тынчсыздануума кошулат. Иран андай аракеттер, материалдар жана ишканалар жөнүндө декларация жасай алган жок. Агенттиктин пикири боюнча, анын жардамы менен Иранда тез арада атайын текшерүү иштерин жүргүзүү керек". Бирок Ирандын Агенттиктеги өкүлү Али Салехинин айтымында, уюм жетекчилери бул маселе боюнча мунасага келген жок жана Иран шартсыз текшерүүлөргө жол бербейт. эл-Барадейинин айтымында, Иранга дагы кошумча текшерүүчүлөр жиберилет жана алардын иши сентябрда жыйынтыкталат. Америка Кошмо Штаттары Иранды өзөктүк курал өндүрүүгө аракеттенип жатат деп күнөөлөөдө.

XS
SM
MD
LG